Бишкек. 12.04.2019. Govori.TV
Баткендеги чек ара маселеси көтөрүлгөн учурда ошол аймактагы газ куурларынын казылып кетип жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев көтөрүп чыккан.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Ж. Раззаков «Govori.TV» мультимедиалык агенттигине маек берген учурунда бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясы) тапшырма берилгенин маалымдаган.
Ал эми Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, БШКнын мүчөсү Назарали Арипов Ж. Разаков Өкмөттүн Баткендеги өкүлү болуп иштеп турган кезинде акционердик коомдун менчигиндеги газ куурларын казып кетүүгө уруксат бергендигин айтты.