Бүгүн,10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу жабык эшик артында маалымат берди.
Ага ылайык, айрым нерселер мамлекеттик сыр болгонуна байланыштуу убактылуу маалымат таратпай турууну сунуштады.
Келишим тууралуу талкууга катышкан жарандык активист Рита Карасартова маселени чечүүдө чекилик кеткенин айтып нараазы болду.
Ал «өзүбүздүн жерибизди эле өзүбүзгө алмашкандай келишимди айтты», — деди.