• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Россиянын эки компаниясы Бишкектин “Коопсуз шаар” долбоорун талашууда

4 Тогуздун айы 2018 19:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV

4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни» утуп чыккан. Анда аталган компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон. Бирок жеңүүчү аныкталса дагы «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясы сынак реалдуу болбой  калганын айтып, эл аралык соттторго кайрылуу алдында турат.

Бүгүн тендердин жеңүүчүсү “Вега” компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорундагы кандай иштер аткарыла тургандыгын кеңири айтып берди.

“3 жылдай убакыт мурда инновациялык технологиялар тармагында чечим кабыл алынып, жаңы багыт ишке кирген. Мындай багыттардын бири фото-сүрөткө тартуу болуп саналат. Буга жарандык сектордун талабы чоң, өзгөчө өрт коопсуздугу тармагында” -дейт  “Вега” концернинин коммерциялык директору Сергей Калмыков

Бирок, иштер башталаар алдына турса дагы, тендерден утулган «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясы эл аралык  сотторго кайрылуу алдында турушат.

 «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча сынакта одоно эреже бузуулар, анын ичинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар катталды. Буга байланыштуу мекемелер аралык комиссияга даттануу жолдогонбуз. Жыйынтыгы жакынкы аралыкта чыгат -деп билдирди «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин  

Сынактын жүрүшүндө жогорку жакта иштеген бирөө кысым көрсөткөнүн бүгүн жеңилген тарап кошумчалады.

«Даттанууларыбызды кайтарып алуубуз үчүн бизге кыргыз аткаминерлери тарабынан кысым болууда. Кимдер кысым көрсөткөнүн ачык айта албайм. Бирок алар мамлекеттик деңгээлдеги адамдар» -дейт аталган компаниянын өкүлдөрү.

Эске салсак, өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору быйыл жылдын аягына чейин ишке кирээрин билдирген. Бирок “Вега” радиокуруу концерни» компаниясы азырынча долбоордун иштерин баштай элек.

Количество просмотров: 24