Бишкек. 15.02.2019. Govori.TV
Кемерово облусунун бир катар шаарларында кара түстөгү кар жаады. Бул тууралуу “Дождь” жазып чыкты.
Жергиликтүү тургундар өзгөчө кубулушту сүрөт, видеого тартып социалдык желелерге жүктөгөндөн кийин облустук прокуратура иликтеп баштаган.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Прокопьевск фабрикасынын тазалоочу жабдуусу иштен чыгып, абанын булгануусуна алып келген.
Ал эми облустун өнөр жай, транспорт жана экология маселеси боюнча өкүлчүлүгү кара кардын түшүүсүнүн себебин көмүр мештери, транспорттон чыккан зыяндуу газ менен байланыштырды.