• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өрт-тилсиз жоо… Эки баласы менен аял каза тапты (Видео)

13 Бирдин айы 2019 16:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

Чүй областынын Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында өрт чыгып, эки баласы менен аял каза тапты. Балдардын улуусу 10  жашта, кичүүсү  8  жашта болгон.

Кечээ Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үй өрттөнүп,  үч бала иске ууланган. Балдардын улуусу 3,9 жашта, ортончусу 2,8 жашта, кичүүсү 1,4 жашта. Үчөө тең эркек балдар.

Өрт чыккан учурда балдардын атасы иште болгон, поликлиникага кеткен апасы кош бойлуу, айы-күнүнө жетип турган.

Айдын башында Казакстандын Астана шаарындагы турак-үйдөн өрт чыгып, бир үйдүн 5 кызы каза тапкан эле. Кыздардын улуусу 14 жашта, кичүүсү 1 жашка чыга элек болгон.

Теги:
Количество просмотров: 79