• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Руслан Казакбаев Индиянын элчиси менен жолугушту

17 Жетинин айы 20209:26 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 17-ноябрда Индиянын Кыргызстандагы элчиси Амитабх Димрини кабыл алды. Бул туураалуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектерин белгилешкен.

Элчи Амитабх Димри, Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Өз кезегинде Казакбаев элчиге Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдар, алдыдагы мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоо тууралуу айтып берип, шайлоо процессине катышуусу үчүн алардан да байкоочулардын келишин сунуш кылган.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-индия мамилелери, стратегиялык өнөктөштүгү бекемделе берерине жана эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгында өнүгөрүнө ишенерин билдиришкен.

Количество просмотров: 66