• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Рысбеков милиционерлер тарабынан жарандарга колдонулган кыйноолорду атады

7 Кулжа 2022 14:48 Бишкек Govori.TV

Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Кыргызстанда кайсы кыйноолор көбүрөөк колдонулары тууралуу айтып берди.

Ал 2016-жылы Улуттук борборго кыйноолор боюнча 132 адам кайрылса, 2017-ж. – 104, 2018-жылы – 123, 2019-жылы – 77, 2020-жылы – 41, 2021-жылы – 67 кайрылуу түшкөнүн айтат.

«Көпчүлүк билдирүүлөр ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата айтылган. Бирок, эгерде мурда катаал мамиле жана кыйноолор бөлүмдөрдүн өзүндө, ГОМ же ПОМдо колдонулса, азыр адамдарды бейтарап аймакка алып кетишет, ал жактан «даяр» шектүүлөрдү тергөөчүгө алып келишет.

Негизги даттануулар таяк, электрошокер, башына желим баштык кийгизип муунтуу, кол, бут, муштум, суу же кум толтурулган бөтөлкөлөр, калың китеп же журналдар менен чабуу. Эч кандай из калтырбаган ыкмаларды да колдонушат. Кээде тырмактын астына ийне сайылганы айтылат», — деди Рысбеков.

Количество просмотров: 2056