• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Рыскелди Момбеков: “Фракция легитимсиз болсо, коалиция дагы легитимсиз болот”…

10 Чын куран 2019 14:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.04.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү сунушталды. Бул боюнча бүгүнкү жыйында депутат Исхак Масалиев билдирди.

“Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция кирген деп айтылат, бирок “Республика Ата-Журт” фракциясы өткөн жылы коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек. Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт. Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Кеп эң чоң фракция КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек”,- деди Масалиев.

Буга Жогорку Кеңештеги КСДПнан депутат Рыскелди Момбеков өз пикирин билдирип жатып, “Фракция легитимсиз болсо, коалиция дагы легитимсиз болот”,-деди.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу ниети жок экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айтты.

“Партиянын бир бөлүкчөсү оппозиция боло турган болсо, буга мыйзам жол берет. Фракция чечтик, коалицияда калабыз, коалициялык көпчүлүктө болобуз, иштейбиз”,- деди Өмүркулов.

Теги:
Количество просмотров: 10