• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүлүктүдө жер көчүп, унаа жолду тосуп калды

7 Теке 20209:17 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду жаап салган. Жабыркаган адамдар жок.

«Унаа жолду тазалоо үчүн 1 жүктөгүч, 2 самосвал тартылып, унаа жол бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Бүгүн, 7-июль күнү иш кайрадан улантылат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 68