• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине кеңешчи болуп дайындалды

14 Үчтүн айы 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине медицинаны өнүктүрүү боюнча кеңешчи болуп дайындалды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, академик Жумабеков 4-январдан 12-январга чейин иш сапары менен Кытайда болгон. Ал россиялык кесиптеши Николай Загородний менен өлкөнүн алдыңкы клиникаларынын адистерине травматология жана ортопедиядагы инновациялык технологиялар боюнча сегиз лекция окушкан.

«Мындан тышкары, Шанхай, Нанин, Фанчэнган жана Пекин шаарларында жайгашкан университеттин клиникаларындагы бейтаптар консультация алышты», — деп айтылат маалыматта.
Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын Алматы шаарына жакын жердеги авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасады

Жумабеков Фанчэнган шаарындагы университеттин клиникасында тизе муундун оорусу боюнча мастер-класс өткөн. Ушул шаарда алдыңкы технологиялар менен 2000 койкалуу медициналык инновациялык борбор курулуп жатканы айтылат.
«Фанчэнган мэри академик Жумабековду медицинаны өнүктүрүү боюнча кеңешчиси кылып дайындаса, ал эми шаардын Элдик өкмөтү биринчи шаардык ооруканада травматология жана ортопедия боюнча башкы адис кылып бекитти», — деп айтылат маалыматта.

Жумабеков менен Загородний Кытайга бир катар мекемелердин чакыруусу менен барышкан.

Булак: Спутник.

Количество просмотров: 6117