• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Садык Шер-Нияз Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында элди ыйлатты

22 Чын куран 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Өнөр ээсин узатууга 200гө жакын адам келген. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген Садык Шер-Нияз сөз сүйлөп, көзүнө жаш алуу менен элди ыйлатты.

«Кыргыз элинин намысына жаралган Элмирбек Иманалиев 70ке чыкса болбойт беле. Эл менен анын тоюнда башына суусар тебетей кийгизип мактап, даңктап турсак жарашмак. Жок дегенде 50 жашка чыкса эмне? Дүркүрөтүп той өткөрбөйт белек. Билген кишиге улуу көчтү улаган улуу кишиден айрылып, Кыргыздын кабыргасы кайышып отурат. Аз жашаса да саз жашаган уулубуз өзү окшогон Эшмамбет, Токтогул, Тууганбай сыяктуу аталарыбызга кетти», -деди Садык Шер-Нияз.

Количество просмотров: 2376