• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды

20 Бирдин айы 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

 Кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын иш мөөнөтү узартылды. Бул боюнча бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алдынды.

Жалпысынан 110 депутат катталып, «макул» деп 103 депутат добуш берди. Комиссиянын мөөнөтү 21-мартка чейин узартылды.

Эске салсак, 2019-жылдын 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө маселе күн тартибине киргизилип, колдоого алынган. Ага ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамына Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытовдор кирген.

Количество просмотров: 59