• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Саламат Садыкова “Нарындыктар кытайлашып кеткен” деген сөзү үчүн кечирим сурады

30 Баш оона 2020 23:19 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө белгилүү ырчы Саламат Садыкованын жана бир нече адамдын кыргыздар тууралуу талкуулап жаткан видеосу жарыяланды. Видео материалда алар “таза кыргыздар” өлкөнүн кайсы жагында экенин талкуулашып, Нарын облусун жана Ош облусунун саналуу районун аташкан. Ал эми ырчы Саламат Садыкова каршы “Нарындыктар кытайлашып кеткен” деген жеке өзүнүн пикирин билдирген.

Белгилүү ырчынын мындай пикири интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда.

Саламат Садыкова эже, түпкүрүңүздө мүлдө кыргыз журтун, кыргыз жерин, кыргыз тоолорун чындап сүйөөрүңүздү жакшы билебиз….

Опубликовано Ernis Kyiaz Воскресенье, 30 августа 2020 г.

Бул арада ырчы айткан сөздөрү тууралуу төмөнкүдөй пикирин жарыялап, Ат-Башы элинен кечирим сурады.

“Улуу урматтуу Ат -Башылыктар кечириңиздер, кечиресиздер ! Карантүнгө кабылганы адамдар жансоогалап агарды, жумшарды, жүрөктөр сыйга толду дегемин… Атаганат жамандыка шайма-шай көбүгүн сапырган көккө учурууга, адамды жарга түртүп салып, моокумдары канып жаткандардын, топ-топ болуп мени сындырууга, болушунча кадырыма бок сүйкөгөнү даяр жүргөндөрдүн тойлоп жаткандыгында, эртең дагы бир кыргыздын көзүн жабалактап, боктобосо эле кубанамын. Өсүп жатыптыр биздин коомдогу жаракаттын, жарылуунун авторлорунда хайптын артындагы калптын казаны ушуну менен агарып кетсе мен башымды төмөн түшүрүп кечирим суроого жалпы ак ниеттүү адамзаттын урпактарынын бийиктеп көктөгөнүн көргүм келет! Бар болгула оболу, асыл элим! Астра айланайын, өмүрүңө өмүр берсин жараткан. Мен жанымдагы кишини таптакыр тааныбаймын, ошол күнү таза аба эңсеп барганымда да бир жума бою, жалаа ушактардын астында калып, көңүлүмдү аруулап келсем деген гана жан далбасамдын артында изимден атайын аңдыган кара ойлуулардын, камданып барып, тооруй чыгып өздөрү сөздү баштап, мен ооба туура айтасыз өзүбүздү сыйлайлы, босогобуздан сырттан каптагандар да жетиштүү деген ак көңүлдөн айтылган оюмдун бурмалап жатканын билсемчи…. Мен ошол тегеректеп тургандарды тааныбаймын, бир үй-бүлө болсо керек деп түшүнгөмүн. Көрсө, мени каралоо үчүн уюшулган топтордун бар экени тынчтыгымды бузуп, түн уйкумдан ажыратып, ден-соолугумду алсыратышып, ашынып жаткандарга теңеле албаймын. Уят, абийирден кеткендерге: ала салдырып оолугуп, чарпылбагыла, мен бүтүндөй Кыргыз элимдин түшүнүктү жүрөктө тумардай сиңирген адаммын. Ат-Башы деген токулган жомоктун артында мени коодоп жаткандарды тукуруп жаткандарга да сөздүн астарындагы башы, түпкү мааниси кайда такыр бурмаланып кетти… Астра, жети дубан элиндеги сыйдан этегим толгону ырас, кызганып жаткандар да жок эмес. Кантсек коолоп катардан чыгарабыз деген көксөгөндөр менен да өмүрүм кечирим менен келатканын бир кудай гана күбө. Жалпы Ат -Башы элинен кечирим сураймын, ар бир үй-бүлөгө тынчтык берсин жараткан”,-деп жазды Садыкова.

Количество просмотров: 709