• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Салянова: Бакиев уурдаган акчаларды кайтарууну 2014-жылы эле баштаганбыз

26 Бирдин айы 201910:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

2014-жылы ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова АКШга иш сапары менен барып америкалык кесиптештери менен Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалар менен активдерди кайтаруу жолдорун талкуулашкан. Бирок, ал кызматтан кетүүсү менен бул иш токтоп калганын мурдагы баш прокурор Салянова
Govori.TV агенттигине билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, бул маселе 2014-жылы эле көтөрүлгөнүн жана бир топ иштер аткарылган. Ал эми азыркы кол коюлган келишимди көрбөгөнүн айткан.

Эске салсак, 25-февралда кыргыз өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосунда «Курманбек Бакиевдин режиминде чыгарылган активдерди кайтаруу» келишимине кол коюлду.

Теги:
Количество просмотров: 17