• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Салянова камакта калабы?

4 Кулжа 201912:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саат 15:00дө каралаары белгилү болгон.

Govori.TVга өздүк булактардын билдиришинче Салянованы үй камагына чыгарышпайт.

Мурдагы башкы прокурор жана “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Салянова 3-июнда кечинде 48 саатка кармалды.

Эске салсак, буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин айткан болчу.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады.

Количество просмотров: 13