• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Саляновага тез жардам кызматы чакыртылды

4 Кулжа 201914:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 4-июнда Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган мурунку башкы прокурор Аида Саляновага жолугушту.

«Ал өзүн жаман сезип, ден соолугунун абалына арызданган. Анын өтүнүчү боюнча №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери көрдү. Ошондой эле тез жардам кызматы чакыртылып, жүрөгүнө кардиограмма (жүрөктүн кыймылын графика менен көрсөтүү) жасалды»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Аида Салянова убактылуу кармоочу жайдагы дарыгердин көзөмөлүндө.

Аида Салянова бүгүн, 4-июнга караган түнү кармалып, 48 саатка Бишкек ШИИБге убактылуу киргизилген. Анын кармалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу болгон.

А.Салянованын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карайт.

Теги:
Количество просмотров: 34