• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Салык кызматы «Ак-Тилек» пунктунан товарларды ташып келүү боюнча бир катар бузууларды аныктады

28 Кулжа 2019 14:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 27-28-июнунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүү боюнча бир катар бузууларды аныкташты.

Алсак, товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 14 миң 336 даана жылмакай кирпич алып келе жаткан автомашина кармалды.

Ошондой эле, товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана башка коштоочу документтери жок 54,1 тонна мешке жагуучу көмүр отунун (мунайзат) алып келе жаткан 2 машина кармалды.

Мындан тышкары, дагы бир импорттоочу болжол менен 2 млн сомго жакын суммадагы 2 миң 272 таңгак ар кандай ассортименттеги консерваларды ташып келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган. 

Ар бир укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Теги:
Количество просмотров: 18