Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн 42 жашка чыкты. Анын тарапташтары өздүк майрамынын урматына таң эрте куттуктоо баннерин орнотушуп, сүрөтү түшүрүлгөн жана «Сапар Исаковго эркиндик» деген жазуусу бар футболкаларды кийип, гүл берип куттукташты.
Исаков Сапар Жумакадырович
1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргызстандын эл аралык университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1999-2003 — Кыргызстандын эл аралык университетинде мугалим;
2003–2007 —төмөнкү даражадагы дипломат, үчүнчү катчы, төртүнчү катчы, КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук
департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2007 — КР өкмөтүнүн эл аралык
кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2007–2009 — КР өкмөтүнүн сырткы
байланыш бөлүмүнүн башчысы;
2009–2010 — Өнүгүү, инвестиция жана
инновация боюнча Борбордук агенттиктин коммуникация кызматынын башчысы;
2010-жылдын май айынан тарта — КР
Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси;
2010-жылдын август айынан тарта —
КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Атамбаев менен Жапаровдун кайым айтышы. Сапар Исаков президентке жооп берди
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы акыркы талаш-тартыштардын алкагында энергетика тармагындагы …