Бишкек.14.01.2019. Govori.TV.
Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 13-февралына чейин узартуу тууралуу Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
Отурум 14-январда жабык өткөнүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы билдирди. Исаков бул партиянын көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири.
Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрү берген. Муну алар Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эмес болуп жатканы менен негиздешкен.