• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сапар Исаковдун кылмыш иши Башкы прокуратурага өткөрүлдү

5 Бирдин айы 2019 12:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019. Govori.TV

УКМК мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кылмыш ишин Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 Маалыматка караганда, тараптар менен таанышуу процесси аяктады, эми 53 томду башкы көзөмөл органы изилдеп чыгып, кайсы сотко берет аныкташат.

 «Биринчи Май райондук соту толуп калган. Ишти башка райондук инстанцияга өткөрүп бериши мүмкүн», -дешти прокуратурадан.

 Жактоочу Нурбек Токтакунов 24.kg агенттигине билдиргендей, Сапар Исаковдун кылмыштын курамында жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотууну суранды.

 Сапар Исаков 2017-жылдын августь-апрель айында өкмөттү башкарган. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, учурда УКМКнын абагында.

Теги:
Количество просмотров: 7