• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун бир бөлүгү асфальтталат

15 Теке 202513:26 Бишкек Govori.TV

Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 6-11 чакырымдар аралыгына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникциялар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, чыгымдар капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланат. Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган жол тилкеге катуу жааган жаан-чачын менен катар «Ак-Таш» ишканасынын оор жүк ташуучу унаалары жана Солтон-Сары багытына жүргөн жүк ташуучу техникалар жолдун тез бузулушуна алып келүүдө.

«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №14 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жолду калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу айына орто эсеп менен 1-2 жолу сүрүп-тегиздөө үчүн тейлөөгө алынган. Учурда аталган жолдун 65-70-чакырым аралыгында 1 даана автогрейдер иштеп, жолду тегиздөө иштерин аткарууда.

Белгилей кетсек, Сары-Булак – Арчалы – Оруктам автожолунун жалпы узундугу 176,7 км түзөт.

Количество просмотров: 105