• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

«Сат»… «Сат»…Саясат…

11 Бирдин айы 2019 18:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун сатуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов имаратты ижарага берүү керектигин айтып чыкты. Сунушту “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков дагы колдоого алды.

 Ал эми спорт ордосунун жетекчиси Канат Шабданбаев мамлекетке караган жайды жеке колго өткөрүү мыйзамга каршы келет дейт.

Анткени спорт ордосу мамлекеттин маданий-спорттук иш-чараларды өткөргөн жалгыз имарат.

Эске салсак, 13-ноябрда спорт сарайда эл аралык уюмдардын күчү менен жаштар борбору ачылган.

Ал эми эки жыл мурун мурдагы жетекчи Эдил Касеновдун тушунда улуттук колоритте жасалгаланган.

Ошондой эле спорт ордосуна байланыштуу кылмыш иштери дагы козголгон учурда белгисиз.

 Эске салсак, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын  жеке менчик ишканага айлантуу аракети жасалып келет. Өлкө аймагында ишкананын 922 филиалы бар, анда 4 миӊден ашуун адам иштейт. 

 Сатыкка коюлган мамлекеттик ишканалардын катарындагы «Альфа Телеком” учурда талаптагыдай иштеп жатат. Демек, баары башкаруудан көз каранды.

Эгемендүүлүк алгандан кийин 1130 мамлекеттик ишкана бар болсо кийин алардын саны 166 га кыскарган. Мындай жол менен мамлекеттик ишканаларды таптакыр жоготуу коркунучу бар.

Теги:
Количество просмотров: 22