• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Саясий реформаңыз мыйзамсыз жүрүп жатат. Молдокматов Жапаровго жеке кайрылуу жасады

9 Жалган куран 2021 13:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана жарандык активисттер катышып жатат.

Алар бийликке «Легитимсиз парламент тарасын», «Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун”, “Тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындалсын” деген талаптарды коюп жатышат.

Уюштуруучулардын бири, «Ханистутицияга каршы» борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаровго жеке кайрылуу жасады.

«Сизге жеке кайрылуу жасагым келет. Сиз шайлоого келе жатканда «үч айдан кийин реформалардын жыйынтыгын көрөсүңөр» деп сөз бергенсиз. Үч айдан кийин «реформалардын жыйынтыгын беш айдан кийин көрөсүңөр» дедиңиз. Кечээ жакында дагы интервью берип, «реформалардын жыйнтыгы менен маянасын жарым жылдан кийин көрөсүңөр» деп айттыңыз. Бул менин сөзүм эмес, сиздин сөзүңүз. Дебатка чакырып жолуга алган эмесмин. Аргасыздан Ак үйдүн алдында журналисттер аркылуу кайрылууга туура келип жатат. Сиздин бийликке келгениңизге толук алты ай өттү. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Эмне реформа болду? Сиз жаңы кадрлар келет дедиңиз. Бишкекте бир күндө үч мэрди алмаштырдыңыз. Саясий реформаңыз мыйзамсыз жүрүп жатат. Токтоңуз, кеңешчилерди укпаңыз. Сизди президент деп коет. Мамлекетти өнүктүрүү жол картасын элге бериңиз. Биз жарым жылдан бери мамлекет каякка баратат? деген ой менен жашап калдык. Урматтуу Жапаров мырза мамлекетти өнүктүрүү боюнча жол картасын бериңиз. Ичинде экономикалык, кадрдык, саясий реформа качан жана кантип кабыл алына турганын бекитип бериңиз. Мына ошондо сизди президент катары тааныйбыз, болбосо сиз биз үчүн президент эмессиз»,-деди Молдокматов.

Количество просмотров: 788