• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Секелек төрөгөн ымыркайды анын энеси менен гана багып алууга болот

6 Аяк оона 2019 13:10 Бишкек Govori.TV

14 жаштагы кыздын ымыркайын анын энеси менен гана багып алууга болот. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Эске салсак, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы секелектин төрөгөнү тууралуу маалымат тараган жана төрөлгөн ымыркайды дарыгер өзүнүн туугандарына бергени айтылаган.

«Ымыркайды багып алган үй бүлө мыйзам бузган. Аныдыктан алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер алар баланы багып алууну каалашса, аны жашы жете элек энеси менен чоогу алуусу керек. Себеби баладан энеси баш тарта албайт, мындай кадамды кыздын энеси да кыла албайт, мындай нерсе мыйзамда каралган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми бул фактыга байланыштуу шектүү катары кыздын 53 жаштагы атасы кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 58