• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Селсаяктарга паспорт бекер бериле баштайт

11 Үчтүн айы 20199:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Өзбекстан өкмөтү туруктуу жашаган жери жок кишилерди коргоо чаралары тууралуу токтом кабыл алды.

Мындан ары селсаяктар миграция бөлүмүнө кайрылышса, алардын мурдагы жашаган жери, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энеси жана жакындары жөнүндө малыматтар такталат.

Эгер кайрылган кишинин Өзбекстан же башка өлкөнүн жараны экени такталбаса, миграция бөлүмүндө ага өздүгүн аныктаган убактылуу маалымкат берилет. Андан соң жергиликтүү бийлик селсаякты туруктуу каттоодон өткөрөт.

Эгер анын паспорту жок болсо, айып пул салынбастан, кайрадан документтерин бекер жазап беришет.

Учурда реабилитациялык борборлордо жашап жаткан үй-жайсыз кишилер туруктуу жашаган жерине барышса, жол киреси төлөнөт.

Теги:
Количество просмотров: 24