• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шаардык кеңеш жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат. Сунушталган баалар кандай?

28 Аяк оона 2021 11:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат.

Жол акы боюнча тарифтерди кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеген вице-мэр Таалайбек Орозов мэрия жазында үч вариант сунуштаганына токтолду.

Алар:

  • Бааны кандай болсо, ошондой калтыруу;
  • Муниципалдык транспорттогу бааны 11 сомго, калган жеке менчик фирмалардын кичи автобустарындагы бааны 15 сомго жогорулатуу;
  • Автобустун жол киресин 15 сомго, троллейбустукун 11 сомго, ал эми маршрутка акысын 19 сомго көбөйтүү.

Мэриянын маалыматына караганда, ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттап жатат.

Бүгүнкү күндө Бишкекте автобус, тероллейбустардын жол кире акысы 8 сом, маршруттук таксилердики 10 сом.

Белгилей кетсек, Бишкектк коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, иш таштаган.

Количество просмотров: 228