• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык кеңешке шайлоо. КЭДП (НДПК) партиясы жарыштан четтеди

19 Чын куран 2021 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек АШКсы КЭДП (НДПК) партиясын шаардык кеңештке депутат болуу үчүн болгон жарыштан чечти. Чечим

Чечимде шайлоо күнү, 11-апрелде Айбек аттуу адам ушул партияга добуш бергендерге 100 сомдон таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат. Ошол эле күнү Ю.Берналиев менен Э.Абдыкадыров № 29 мектептин жанынан (№1208 УШК) кармалган. Берналиевден 18 799 сом акча алынган. Тергөө учурунда Э.Абдыкадыров менен партиянын бир талапкерлеринин ортосунда байланыш бар экени аныкталган.

АШК партиянын паракорчулукка тиешеси бар деп чечим чыгарган. Ал эми саясий партия бул чечимди негизсиз деп атап, сотко кайрылууну көздөп жаткандыктарын кабарлашты.

«Кечээ түнү чыгырышыптыр мындай чечимди. Бул негизсиз чечим деп эсептейбиз, андыктан мыйзамга ылайык, алгач БШКга кайрылабыз. Бул чечим кайсы бир тараптардын кызыкчыгы үчүн кабыл алынды деп эсептейбиз. Соцтармакта чыккан бир-эки далилсиз видеолорду негиз кылып жатышат», — деди партиянын мүчөсү Илим Карыпбеков.

Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия өткөн болчу.

Количество просмотров: 271