• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шайназаров: Акча таратуу, белги коюлган беткап сыяктуу 21 арыз келип түштү

4 Тогуздун айы 2020 12:45 Бишкек Govori.TV

БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна эртеден бери 21 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, арыздар боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

«Саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, адамдар ташылып жатат, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдына ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат деген арыздануулар болуп жатат»,-деди Шайназаров.

Количество просмотров: 93