• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шайназаров: Ыкчам чара көрүү тобуна мыйзам бузуу боюнча 10 кайрылуу түштү

11 Теке 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Шаардагы шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 55 кайрылуу келди. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Шайназаров бүгүн, 11-июль, саат 12:00гө карата мыйзам бузуу боюнча 10 кайрылуу түшкөнүн айтты.

“Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча жетөө (Бишкекте алты, Токмокто бир), шайлоочуларды ташуу боюнча экөө (Бишкекте) болгон. Ал эми бирөө Бишкекте мыйзам бузуу боюнча катталды. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдын негизинде чечим кабыл алынып, укуктук баа берилет”, — деди Шайназаров.

Количество просмотров: 100