• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Шамалга каршы». Айсулуу жөнүндө тартылган даректүү тасманын трейлери чыкты (видео)

8 Үчтүн айы 2020 17:44 Бишкек Govori.TV

Автобиографиялык тасма «Шамалга каршы» деп аталат. Анда Айсулуу Тыныбекованын алтын медаль үчүн күрөшкөн жолу баяндалган.

Балбан кыз Казакстанда өткөн дүйнө чемпионатында болгариялык каршылашы Тайбе Юсейнди 5:3 эсебинде жеңип, алтын уткан. Ал спорт дүйнөсүндө чоң жетишкендикке жеткен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи балбан.

«Бул тасма элди таңдантат, себеби мааниси абдан терең. Анын чемпион экенин айтып коюу оңой, бирок ушул орунга жетүү үчүн кандай жолду басып өткөнүн элестетүү кыйын. Анын тарых баяны адамды шыктандырып, дем берет. Бул тасманы ар бириңиздер менен бөлүшүүгө шашып жатам», — деп тасманын жаратуучусу жергиликтүү ЖМКлардын бирине айтты.

Количество просмотров: 273