• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

22 Бугу 202415:18 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, 24-майда күндүз жана 25-26-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

«26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу экенин эскертет.

Количество просмотров: 236