Жарандар ФСБнын Чек ара кызматы тарабынан текшерүү иштеринен улам кармалып турушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москванын Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын 100гө чукул жараны кармалып туруп, Бишкек убактысы менен саат 13.00гө чейин баары өткөрүлгөн. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн үч кызматкери аталган аба майданга барып, мекендештерге жардам көрсөткөн.
«Мындай абал Россияга кирүү уруксатынан ажыраган кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын өзгөртүп жаткандыгына байланыштуу. Чек ара кызматы өлкөгө киргендердин Россияда тыюу салынган уюмдарга тиешесинин бар-жогун аныктоо иштерин жүргүзүп жатат», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.