• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ширин Айтматова ун бизнеси менен алек болгон депутаттарды айыптады. Эл өкүлдөрү актанды

23 Аяк оона 2019 18:06 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө «Үмүт 2020» кыймылы парламенттеги депутаттардын көмүскө кызыкчылыктары боюнча тасма тарады.

Анда мурдагы депутат Ширин Айтматова «парламенттеги депутаттардын элге каршы чечиминин» бир мисалы катары буудай, ун өндүрүү жаатындагы сүрөөнчүлүк тууралуу баяндаган.

«Кыргызстанга ташылып келген бардык товарлардан импортерлор кошумча нарк салыгын төлөшөт. Бирок парламенттин үч фракциясы: КСДП, «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» буудайды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотууну колдоп чыгышкан. Эмнеге алар майды же шекерди эмес, унду жана буудайды ташып келүүнү колдошкон? Жообу жөнөкөй. Ал фракциялардын лидерлеринин бизнеси ташылып келген буудай жана андан өндүрүлгөн ун менен түздөн-түз байланыштуу. КСДП фракциясынын лидери ал кезде Чыныбай Турсунбеков болчу. Ал парламентке келгенге чейин — 1997-жылдан 2010-жылга чейин «Акун» фирмасынын жана «Бишкек ун комбинатынын» жетекчиси болгон. «Кыргызстан» фракциясынын көмүскө кожоюну, көп тармактуу «Аю» холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов болсо Казакстандагы жарым-жартылай мамлекеттик «Самрук Казына» компаниясы менен бирге «KazGrain» ишканасына ээлик кылат. Бул ишкана Кыргызстанда «Алия» жана «Eline» деген соода маркалары аркылуу ун жана макарон азыктарын өндүрөт. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев болсо парламентке келгенге чейин 2000-2007-жылдары «Мариям» ун комбинатынын директору болгон. Учурда ишканага анын жубайы ээлик кылат,-деп билдирген Ш. Айтматова.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Ширин Айтматованын видео кайрылуусундагы айыптоолорго жооп берип, кимдир бирөөнү айыптоодон мурда атасынын музейине көңүл бөлсө болмок деген пикирин 24.kg сайтына билдирген.

Анын айтымында, видеодо айтылган 650 миллион сом ун чыгаруучу ишканалардын төлөгөн салыгы. Бакыт Төрөбаевдин билдирүүсүндө, учурда ун чыгаруучу комбинаттар жабылып, жабдууларын сатууда.

Ширин Айтматова Алмазбек Атамбаевдин ордун басып, өзүн коррупцияга каршы күрөштүн башчысы катары көрсөткүсү келип жатат. Же кыргыздын Алексей Навальныйы болгусу бар. Бирөөнү айыптоодон мурда атасынын музейине көңүл бөлсө болмок. Музей камкордукка, оңдоого муктаж. Дагы жакшы иниси Эльдар карап турат, — деген ал.

Айтматова жарыялаган тасмада аты аталган айрым саясатчылар бул видеону «Үмүт 2020» кыймылынын парламенттик шайлоо алдындагы упай топтоо аракети менен байланыштырышса айрымдары учурдагы бийликке элдешкис оппозиция жок деп бааланып жаткан кезде мындай демилгелүү топтун чыгышын оңунан баалоодо.

Количество просмотров: 106