• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Штаб: Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринен коронавирус аныкталды

18 Чын куран 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, ҮМБнын кызматкерлери учурда үй карантинине алынган.

«Үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгери үй карантинде болгон, кийин андан коронавирус табылган. Азыр ал жаран жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, жыйынтыктары терс болуп чыкты. Ленин районундагы ҮМБ жетекчилиги чечим чыгарып, №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишкен. Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлдү. 19-апрелден баштап №13 ҮМБ штаттык тартипте иштей баштайт», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 654