• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шыкмаматов: Кыргызстан дүйнөгө сөз эркиндиги менен гана мактана алат

3 Тогуздун айы 2019 14:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан дүйнөгө сөз эркиндиги менен гана мактана алабыз. Мындай пикирин ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Сөз эркиндиги бар үчүн коомчулук маалымат алып жатат. Бийлик, чиновниктер сөз эркиндиги болгон үчүн ошого жараша өзүн оңдоп жатат. Дүйнөгө мактана турган биздин бир гана жетишкендигибиз бул — сөз эркиндиги. Ал эми журналисттер коомчулуктун көзү жана кулагы, андыктан журналисттерди сабап, ур тепкиге алуу коомчулуктун кулагын чоюп, көзүн оюп алганга барабар», — деди депутат.

Количество просмотров: 66