Бишкек.13.02.2019.Govori.TV.
УКМК менен ИИМ биргеликте өткөргөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында ушул жылдын 9-февралында эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, 1991-жылы туулган Кыргызстандын Р.У аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Такталгандай, 2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террористтик уюмдун көзөмөлүнө түшүп жана үй-бүлөсү менен биргеликте Сирияга кеткен. Кармалган адам ЭТУ лагерлеринин биринен аскердик машыгуудан өтүп жана Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук чыр чатака катышкан.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголду.
Кармалган адам камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.