• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Таластагы жол кырсыгы. Бир киши каза таап, төрт адам жабыркады. Алмалуу жайлоосундагы өрт өчтү

13 Баш оона 2018 13:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2018. Govori.TV

Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чараларга 3 млн 700миң сом каражат жумшалат
31-август-Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте иш-чараларды уюштуруу үчүн 3 миллион 700 миң сом каражат жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты. Маалыматка караганда,  сынактын жеңүүчүсү баш калаада өтө турган маданий шоу-программалардын сценарийин түзүп, сахна жасалгасынын дизайн-эскизин ойлоп табышы керек. Мындан башка фото-видео тартууларды уюштуруусу зарыл.
Тилсиз жоо. Алмалуу жайлоосундагы өрт толук өчүрүлдү
Талас облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу жайлоосундагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тилсиз жоо 1000 гектар жерге жайылып, аны өчүрүүгө 64 куткаруучу тартылган. «Манас районунун Алмалуу жайлоосунун Туюк-Төр сайынын күңгөй тарабында куураган чөп күйгөн. Өрт 12-август күнү 20:30дар чамасында толугу менен өчүрүлдү», — деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, аталган аймакта буга чейин дагы өрт чыгып кетип, ага 500 дөй адам тартылган.
Таластагы жол кырсыгы. 1киши каза таап, 4 адам жабыркады. 
Талас облусуна караштуу Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 128-чакырмында Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай,  жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 киши каза болуп, 4 киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда,  5 куткаруучу жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Алар Чат-Базар айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген.

 

 

 

 

Количество просмотров: 11