• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

14 Баш оона 2018 13:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.08.2018.Govori.TV.
Бишкектин жаңы мэри ишке киришти Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев борбор калаанын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматовго күбөлүктү өз колу менен тапшыруу үчүн Бишкек мэриясына келди. Жыйын залына шаар башкармалыктардын жетекчилери, муниципалитеттин аппаратынын кызматкерлери жана аткаминерлери чогулушту. Өкмөт башчысы жаңы шаар башчысынын алдыга койгон максаттарды аткараарына ишенээрин айтты.
Өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чүй обусунда – 4, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Бишкек шаарында 1ден өрт кырсыктары катталган. Жол кырсыгынан 10 жашар кыз каза болуп, 7 киши ооруканага жеткирилди.
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жашар кыз каза болуп, 7 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып алдыдагы унаадан оозуп өтүүгө аракет кылып, каршы тилкеге чыккан. Ошол учурда өз тилкесинде келе жаткан «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

 

 

Количество просмотров: 7