• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылактар: Бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Ысык-Көлдөн 100 метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды

7 Аяк оона 202313:59 Бишкек Govori.TV

УКМК ТӨРАГАСЫНЫН КУБОГУ

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле ардагерлердин катышуусунда УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды. Спартакиаданын жабылыш аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАЗАЛОО УЛАНУУДА

Ысык-Көлдөн 142 күндүн ичинде 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, суучулдар көлдүн түбүн таштандылардан арылтуу ишин улантууда.

Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Кош-Көл айылдарында жайгашкан пансионаттардын жана эс алуучу жайлардын тушундагы көл түбү тазаланды.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

БИР СУТКАДА 12 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы бир сутканын ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Алсак: Ош облусунда – 4; Чүй облусунда – 2; Жалал-Абад облусунда – 4; Ысык-Көл облусунда – 1; Баткен облусунда – 1 өрт катталган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

Количество просмотров: 86