• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соңку жаңылык: Кыргызстанда туристтик милиция пайда болот. Акенеевдин сөөгү 17-августта жерге берилет

16 Баш оона 201818:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.08.2018.Govori.TV.
Кыргызстанда туристтик милиция пайда болот
Кыргызстанда туристтик милиция пайда болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.
Анын айтуусунда, аталган долбоор жакында эле старт алган. Мындай бөлүмдү түзүүнүн максаты – туристтик мезгилде милициянын ишинин натыйжалуугун жогорулатуу.
“Бул бөлүм штаттык кызматкерлерден түзүлөт. Бул кандайдыр бир жаңы нерсе эмес – башка өлкөлөрдө мындай тажрыйба көптөн бери колдонулуп келет. Маалым болгондой, жыл сайын турсезондун учурунда биз Ысык-Көл ОИБне кошумча кызматкерлерди бөлөбүз. Ал эми бул бөлүм ар дайым өз багытында иш алып барат”, — деди Сеитов.
Бишкектеги мектептердин даярдыгы текшерилүүдө
Бишкектеги мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө. Бул үчүн шаардын мэриясы атайын комиссия түзгөн. Анын курамына шаар бийлигинин, укук коргоо органдарынын, санитардык көзөмөл мекемесинин өкүлдөрү кирген.
Комиссия мектептердин окуу жылына даярдыгын, коопсуздук чараларын текшерет.
Мэриянын маалыматы боюнча мектептерди оңдоого 130 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Экономист Акенеевдин сөөгү 17-августта жерге берилет
Экономист, мурдагы айыл чарба министри Жумакадыр Акенеевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө 17-августта коюлат. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Анын тажыясы Бишкектеги Айтматов көчөсүндөгү үйүндө өтмөкчү.
Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев 50дөн ашык илимий эмгек жазган.

 

Количество просмотров: 22