• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 200 миң пара менен кармалган аткаминер 5 жылга кесилди. Кытайдан кыргыз студенттери чыгарылды

20 Жетинин айы 2019 14:10 Бишкек Govori.TV

«ИСКА СТРОЙДУН» ДИРЕКТОРУ 7 ЖЫЛГА КОЛОНИЯГА КЕСИЛДИ
«Иска строй» курулуш фирмасынын директору Нарынбек Сариев 7 жылга колонияга кесилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарынбек Сариев «Алдамчылык» жана «Аткезчилик» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Чечимди Ленин райондук соту кабыл алган, бирок тараптардын бири өкүмдү жогору инстанцияга даттанган.
Эске салсак, курулуш компаниясынын директоруна карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Анын үстүнөн арыз жазып турак жайды сатып алгандар кайрылышкан. Алар курулуп жаткан үйгө акча беришкен, айрымдары 50 миң доллар төлөгөнү менен газ, жарык жана суусу жок батир алып калышкан.


200 МИҢ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН УЛАН ЧАЛБАЕВ 5 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
200 миң АКШ долларын пара катары алып жатканда кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу kaktus.media сайты Биринчимай райондук сотуна шилтеме берип жазды
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кылмыш иш тергөөдөн соттук өндүрүшкө алынып, тиешелүү процедураларды өтүп жатканы айтылган. Ал эми 19-ноябрда иш каралып, кылмышка айыпталуучуну 5 жылга эркинен ажыратка өкүм чыккан.
Эске салсак, буга чейин жогоруда аталган 200 миң АКШ доллары УКМКдан жоголгону тууралуу маалымат интернет булактарында жана айрым ЖМКда жазылып чыккан.
Ал эми коомчулукта активдүү талкууланып жаткан бул маалыматка байланыштуу УКМК бир жумадан соң билдирүү таратып бул маалымат чындыкка дал келбейт деп жооп беришкен.


ДАГЫ 27 КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТ СЯНГАНДАН ЧЫГАРЫЛДЫ
18-19-ноябрь күндөрү дагы 27 кыргызстандык студент Сянгандан (Гонконг) учуп кетишти. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Маалыматка караганда, студенттер Бишкекке Алматы жана Москва каттамдары аркылуу учуп кетишти.
Калган студенттерди Сянгандан 21-21-ноябрда чыгарып кетүү пландалууда.
Буга чейин 24.kg агенттигине Гонконгдо билим алып жатышкан кыргызстандык студенттердин ата-энелери кайрылып, ТИМдин аракетсиздигине арызданышкан.
Эске салсак, Гонконгдо бир канча айдан бери нааразычылык акциясы өтүүдө. Алгач эл көчөгө чыгып экстрадициялоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдиришкен. Бирок, бийлик аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн баш тарса деле, нааразы болгондор шаарда башаламандык уюштуруп жатышат.

Количество просмотров: 245