• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Акаев жаңы партия менен шайлоого барат. Жээнбековдун ишин тергөө аяктады

28 Үчтүн айы 2020 13:56 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВДУН ИШИ БОЮНЧА ТЕРГӨӨ АЯКТАДЫ

Саясатчы Равшан Жээнбековдун ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады. Анын айтымында учурда тараптар тергөө материалдары менен таанышууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 28-январда Равшан Жээнбековдун камалышына байланыштуу анын тарапкерлери жана жарандык активисттер басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Алар саясатчы ак жерден айыпка жыгылып, саясий куугунтукка кабылды деп эсептешет.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланган.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат

АКАЕВ ЖАҢЫ ПАРТИЯ МЕНЕН ШАЙЛООГО БАРАТ

Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында жарыялады.

Депутаттын айтымында, партия Бишкекте кеңсе ачты, 28-январда Ошто ачылган кеңседе жолугушуу өтөт.

— Жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Таза, жаңы Кыргызстанды куруу ниети бар жарандарыбыздын баарын бизге кошулууга чакырам, — деди Акаев.

Партия бет ачарын жакынкы күндөрү өткөрүүнү пландап жатат. Уюштуруучулардын катарында саясат талдоочу Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар экени айтылды.

Эске салсак, быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

КЫТАЙДА ВИРУСТАН ЖҮЗДӨН АШЫК АДАМ ӨЛДҮ

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 4 миң 515ке жетип, алардын ичинен 106 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазат.

Мындан мурдараак 3 миңге жакын адам ооруга чалдыкканы жана 81 киши каза болгону айтылган.

РИА новости жазгандай, кытай бийлигинин маалыматы боюнча, 976 адамдын абалы оор болсо, 60 бейтап үйүнө чыгарылган.

Андан тышкары, 6 миң 973 адам ооруну жуктуруп алган деген күмөн болууда. Ошондой эле оорулуулар менен аралашып жүргөн 44 миң 132 адам байкоого алынган.

Количество просмотров: 611