КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада илдеттен бир бейтап каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган, ал эми 2 миң 819 адам каза болду
ЖАПАРОВ ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ ЧЫКТЫ
Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирди, бирок ал канча күн эс аларын тактаган жок.
«Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот», деп жазылган маалыматта.
Кыргызстанда соңку президенттик шайлоо былтыр 10-январда болгон жана анда Садыр Жапаров жеңген. Анын ант берүү аземи 28-январда өткөн.
Садыр Жапаров ушул жылы жайында бир канча жолу Ысык-Көлгө барып көл жээгинде эс алуучулар менен жолугуп, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен скутер тепкен жана бул коочулукта талкуу жараткан. Президенттин басма сөз кызматы Жапаров ошол маалдарда кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып-чыкпаганын тактаган эмес.
ВИКРАМ РУЗАХУНОВ БОШОТУЛДУ
Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун бошотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы тастыктады.
Анын ким тарабынан бошотулганы жана Кыргызстанга качан алып келинери айтыла элек.
9-январда Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары токмоктолгон кыргызстандык жарандын видеосун таратышкан. Анда ал Кыргызстандан келгенин айтып, белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң теңге сунушташканын айткан.
Кыргызстандыктар видеодогу жаран Викрам Рузахунов экендигин аныкташты. Ал белгилүү музыкант, пианист экени маалым болду.
Кыргызстандын президенти жана УКМК жетекчиси Рузахунов митингге катышуусу мүмкүн эмес экенин, ал адилетсиз кармалганын айтышкан.
Белгилей кетсек, Казакстандагы баш аламандыктардын кесепетинен камакка алынгандардын саны 7 миң 939 адамга жетти. Ал эми Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды өлкөдөгү башаламандыкта курман болгондорду эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.