• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаевди жоопко тартуунун жолу айтылды… Шадиевдин мүлкү…

7 Бирдин айы 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02.2019. Govori.TV.

Атамбаевге кылмыш иш козголушу мүмкүн

Кол тийбестиги алынгандан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ага иш-чарада Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүнбү деген суроо узатылган. Сагынбаевдин айтымында, мурунку аткаминерлер айыпталып жаткан бир топ кылмыш иштери бар, айрымдары сотко өткөн.

«Эгер сот жүрүшүндө түз же кыйыр көрсөтмөлөр болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деди катчы.

Ал бирок мындай жагдай Атамбаев кол тийбестик макамынан ажыратылгандан кийин гана болушу мүмкүн экенин эскертти.

ИИМде кадрдык орун алмашуулар болду И

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде кадрдык орун алмашуулар болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМ башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп Сталбек Күренкеев, ал эми ИИМдин күбөлөрдү коргоо башкармалыгынын башчысы болуп Сталбек Рахманов дайындалды. Бишкек ШИИББнын башчысы болуп Канат Жумагазиев дайындалды.

Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскар Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал билдиргендей, мурунку аткаминерге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана акча каражатын мыйзамсыз менчиктештирип алуу беренелери боюнча айып тагылууда.

Конфискацияланган мүлктүн суммасы 1 миллиард 852 миллион сомду түздү.

Аскарбек Шадиев сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Мунун менен бирге мүлкү конфискацияланган.

Айрым маалыматтарга караганда, мурунку аткаминер АКШга качып кеткен.

Теги:
Количество просмотров: 12