Бишкек.10.01.2018.Govori.TV.
Исаковго дагы бир айып тагылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы Улуттук тарых музейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча мыйзамсыздыктарды иликтеп чыкты. Анын негизинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго “оор жагдайларды жараткан коррупция” айып такты. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы кыргыз өкмөтү менен Түркиянын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалыгы менен мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталды.
Отунбаеванын Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчүн комиссия карап чыгат
Экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү өтүнүчүн президенттин алдындагы атайын комиссия карап чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Алардын маалыматында, Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен бирге Өмүрбек Текебаевдин ырайым суроодон баш тарткан билдирүүсү жана анын жаза мөөнөтү эсептелген кагаздар комиссияга жөнөтүлдү. Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук айыбы менен 8 жылга эркинен ажыратылган.
Атамбаевдин күйөө баласы кызматын тапшырды
Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал федерациянын расмий сайтына жазып чыкты. Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланып келген, бирок өзүнүн билдирүүсүндө кызматтан мөөнөтү бүткүчө эле кетип жатканын маалымдады. Семетей Султанов аны кызматтан кетүүгө эч ким мажбурлабаганын жазган. Султанов — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Буга чейин федерациянын ишиндеги бир катар маселелерге байланыштуу анын дарегине нааразы пикирлер айтылып келген.