• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Барскоон-Балыкчы жолу оңдолот. Президент Түркмөнстанга кайра эмнеге барат?

4 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

4-августка карата Кыргызстанда коронавирустан тогуз адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2363 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 696 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 166 236га жетти. Бир күндө 1681 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3393 адам жатат, дагы 8270 бейтап үйдөн дарыланууда.

ПРЕЗИДЕНТ ТҮРКМӨНСТАНГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташуу маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда. Ошондой эле Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

БАРСКООН-БАЛЫКЧЫ УНАА ЖОЛУ ОҢДОЛОТ

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы Балыкчы-Барскоон тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоор башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде “Кумтөр Голд Компанинин” каржылоосу менен ишке ашууда. Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда. Ал эми маршруттун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Белгилей кетсек, Балыкчы-Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келген. Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания.

Количество просмотров: 617