• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Батирден эркек кишинин сөөгү табылды. Бирөөнүн батирин ижарага берген жаран кармалды

25 Тогуздун айы 202214:00 Бишкек Govori.TV

ПАРЛАМЕНТТИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин буйругу менен Шабданбек Алишев парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 24-октябрда маалымдады.

42 жаштагы Шабданбек Алишев буга чейин президенттик администрацияда, кийинчерээк Жогорку Кеңеш төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Буга чейин ЖКнын аппаратын Бакытбек Мажитов жетектеп келген.

БИРӨӨНҮН БАТИРИН ИЖАРАГА БЕРГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкекте ижарага алган батирди башка бирөөгө ижарага берип салган жаран кармалды.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, 28-сентябрда С.Н. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, Н. аттуу жаранга чара көрүүнү сураган. Шектүү Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирди бир суткага ижарага алып, аны кайра башка бирөөгө 34 миң сомго ижарага берип салган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 26 жаштагы Ш.Н. аттуу жаран Ош облусунан табылып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага карата Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

БАТИРДЕН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Ош шаарында батирден 66 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан үйдүн 22-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1956-жылы туулган К.Р. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган

Количество просмотров: 217