• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бейшеналиев абактан чыкты. Башкы прокурор Зулушев кызматына кайтты

16 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КУРМАНКУЛ ЗУЛУШЕВ КЫЗМАТЫНА КАЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 66-71-беренелеринин негизинде Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 16-июндан тарта өзүнүн кызматтык милдетин улантууга киришти.

Ошондой эле аталган тескеме менен мамлекет башчынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен тескемеге кол койгон. Бул тескеме коррупцияга шектелип кармалган Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү каралышын камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылган.

АЛЫМКАДЫР БЕЙШЕНАЛИЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкек шаардык соту коррупцияга шек саналып бир айга камалган, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарды.

Бейшеналиевдин адвокаттары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын кан басымы көтөрүлүп жатканы айтылган.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Мындан соң президент Жапаров Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөнүн жарыялаган. 

ЖАРАНДЫН ҮЙҮНӨН МАРИХУАНА ТАБЫЛДЫ

Жалал-Абаддын Аксы районунда жарандын үйүн тинтүүдө 6 кг марихуана табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Аксы районунун Ак-Жол айылынын 54 жаштагы М.Н. аттуу тургунунун үйүн тинтүү жүргүзүү учурунда кампасынан бир нече баштыкка бөлүнгөн, көк-жашыл жана ак түстөгү кескин жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, мыйзамсыз сакталып турган сайлуу ок атуучу курал, ок-дарылар жана 130 миң сом өлчөмдө акча табылып алынган. Тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, анын корутундусунда ал зат 6 кг ашуун марихуана экендиги аныкталган. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ал качууга үлгүргөн, бирок, 14-июнда шектүү жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Шектүү соттун чечими менен шектүу карата эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө улантылып жатат

Количество просмотров: 421