• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Коронавирустан 1 дагы адам каза болду

4 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
4-январга карата Кыргызстанда дагы 83 кишиден коронавирус аныкталып, бир бейтап көз жумду.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 388 адамды түздү. Анын 76 728и сакайганы айтылды. Соңку бир күндө 165 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1360га жетти.


БИШКЕК АБАСЫ КИР ШААРЛАРДЫН ТИЗМЕСИН ЖЕТЕКТЕДИ
3-4-январда Бишкек абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө айтылат.
Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат 3тө чыккан маалыматта башкалаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.
Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 525 экени көрсөтүлгөн. Негизи, индекс 300дөн ашса абал өтө кооптуу деп эсептелинет. 50дөн ылдый болгондо гана булганган эмес дегенди түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин билдирип, өкмөткө коңгуроо кагып келет.


ЖАШ КЕЛИН БАЛДАРЫ МЕНЕН ИСКЕ УУЛАНДЫ
Жалал-Абадда жаш келин 3 баласы менен иске ууланып каза болду. Маалыматты Govori.TVга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январга караган түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылынын тургуну 1991-ж.т. О.А. өзүнүн үйүндө 5 жаштагы уулу жана 3 жаштагы эгиз балдары менен уктап жатып, көмүрдөн чыккан газга ууланып, каза болуп калышкан.
Бул окуя боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне уулануу болуп катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүү учурунда каза болгондордун жакындары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты”,-деп айтылат маалыматта.
Жогоруда көрсөтүлгөн балдардын атасы 2018-жылдан тартып Россияда иштеп жүргөн.

Количество просмотров: 137