• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлери 43 млн сомду кымырып алышкан. COVID-19дан 4 киши көз жумду

16 Чын куран 202113:56 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүйдө ооруканада жаткан. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1544кө жетти. 16-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 230 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду. Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда. Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 91 374, айыккандар 86 621 кишини түздү. Бир күн аралыгында 130 бейтап айыкты.

БИШКЕК МЭРИЯСЫНДА  БЮДЖЕТТИК КАРАЖАТТЫК КЫМЫРЫП АЛЫШКАН

Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары бюджеттен бөлүнгөн 43 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. УКМК Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен сотко чейинки өндүрүш ишин козгогон.

«Такталгандай, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары бюджеттик акчаларды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына жумшоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы «Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүшкөн.

Ошол эле учурда жарандык долбоорлор жалаң гана БШКнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык бюджеттик акчаны мыйзамсыз ыйгарып алышкан.

Ошондой эле долбоорлор Бишкек шаарынын мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылган. Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

РАДАРДЫ СҮЙГӨН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун Бообек айылында унаасы менен көчмө аппараттык-программалык комплексти сүзгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кечээ, 15-апрелде Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 90-чакырымында, тактап айтканда Бообек айылында «Лексус LX470» унаасынын айдоочусу 2,3 млн сомго бааланган «Автопатруль-Радар» аппараттык-программалык комплексин сүзүп, качып кеткен.

ЖКККББнын кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе айдоочуну кармашты. Ал Кемин районунун 37 жаштагы тургуну М.Б. экени аныкталды. Шектүүнүн унаасы айып короого киргизилип, тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди. Ошондой эле аталган факт КЖБРга катталды.

Количество просмотров: 156